воскресенье, 25 мая 2014 г.

7 сомдук шашке тамак же чайга кургак сүт кошуп ичкен жеткинчектер


Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтому менен 2005-жылдан бери мамлекеттик мектептерде 11-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучуларына  күнүнө бир маал шашке тамак беруу уланып келе жатат.Шашке тамак Жалал-Абад шаарында жайгашкан мектептерде абалы кандай экенин  билбүүгө тиешелүү кызматкерлер жана окуучулар менен пикир алыштык.   Шаар мектептериндеги 6-12 жаш курактагы башталгыч класстардын окуучуларына жумасына беш жолу шашке тамак берүүдө 10 жылга жакын убакыт өткөн болсо да  канчалык, кандай деңгээлде таасирин тийгизди экен?! - деген максатта бир катар мектептерин кыдырып, ашкана шарттарын, тейлөөнүн абалын көрүп, ашпозчулары менен аңгемелештик, мугалимдердин жана ата-энелердин, медицина кызматкерлеринин ой-пикирлерин уктук.
- Жаш балдардын психологиялык аң-сезиминин, дене түзүлүшүнүн тездик менен өсүү курагында алардын өз убагында тамактануусу, пайдаланган тамак-ашынын аш болумдуулугу ден соолугунун чың болушуна, акыл-эсинин өсүшүнө түздөн-түз байланышы бар, - дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү  адиси  Гүлина Базаркулова.

Ошондой эле, анын белгилөөсүндө балдарда айлана-чөйрөнүн таасири менен пайда болуучу оору-сыркоолорго каршы күрөшүүчү организмдеги иммунитетти жогорулатып, жаш   балдардын ден-соолуктарын чыңдоодо туура тамактандыруунун ролу өтө чоң.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 27-июнундагы №111 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекетептеринде шашке тамактарды уюштуруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бүгүнкү күндө 7 717башталагыч класс окуучулары шашке тамак менен камсыз болушууда.

Биз сөз кылып жаткан ошол мектеп окуучуларына берилүүчү шашке тамактын шарттары кандай болуп жаткандыгы сиз менен биздин же ата энелердин кызыкчылыгы эмес келечек муун үчүн кандай болуп жатат?Бул суроону ак менен караны ажыраткан инсан өзүнө берип кандай жооп ала алат.Жакында өткөн шаар аймагында жайгашкан билим берүүчү мектептердеги шашке тамак уюштуруунун абалдары жеринде текшерилип, төмөндөгүлөр аныкталган:
Шаар боюнча 20 мектеп, 2 кыргыз-түрк лицейлери болсо, анын  ичинен №10,11,12,18 мектептер Тайгараев аймактык башкаруусунун аймагында жайгашкан. Учурда шаардагы мектептерде 16 590 окуучу билим алышууда.
Шаарда 10 мектеп атайын ашканада, ал эми калган 10 мектепте  ыңгайлаштырылган бөлмөлөрдө шашке тамагы берилет. Азык-түлүктү кабыл алуу жана сактоо үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулган.
Тамактануу боюнча ар бир мектепте смена боюнча график менен класс жетекчилердин жетекчилиги астында шашке тамагы берилет.
Окуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде күнүнө 7 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнөт. Өкмөттүн токтомунун негизинде мектеп окуучуларына ысык тамак берилбейт, анткени токтомдо кондитер товарларын берүү сунушталган. Ошондуктан, тамактанууга пряник, булочка, коржик, кекс, тегерек нан (0,85г.), кургатылган сүт жана канттуу чай берилүүдө. Ай сайын борборлоштурулган шаардык эсеп-кысап бөлүмүнүн эсепчиси тарабынан калькуляция жана меню эсептелинип, мектептердин жооптуу кызматкерлерине берилип турат.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы №601 буйругунун негизинде  комиссия түзүлүп, 2014-жылдын 23-декабрына   чейин башталгыч класстын окуучуларынын шашке тамагы үчүн продуктыларды алуу боюнча тендер өткөрүлгөн.
Тамактанууну өз убагында жеткирип туруу максатында мектептер  шаардын борборундагы, Спутник, СМУ кичи шаарчаларындагы, Тайгараев аймактык башкаруусунда болуп, 4 аймакка бөлүнгөн. Тендерде жеңип чыккан “Ширин” жоопкерчилиги чектелген коому жогоруда аталган  азыктарды бардык аймактагы мектептерге жеткирсе, кургатылган сүт жана кумшекерди жеке ишкер К.Раймахунов, ал эми чайды жеке ишкер Ж.Бекназаров жеткирет. Ар бир товар жеткирүүчүлөр менен “келишим” түзүлгөн жана алардын азык-түлүктүн сапаты боюнча “сертификаты” бар. Мектеп администарциялары алып келинген азыктарды сапатын текшерүү максатында брокираж (азык түлүктөгү нормалардын сакталышы бюнча) жасашат. Эгерде азыктардын сапаты талапка жооп бербесе, аларды кабыл алышпайт.
          Аталган мектептерде тамактануунун сапаттуулугун аныктоо боюнча иш кагаздары топтолуучу ведомость, даяр азык-түлүктү брокираждоо журналы, азык-түлүк блогунун кызматкерлеринин медициналык кароодон өткөрүү журналы, медициналык кароодон өткөн санитардык китепчелери  даярдалып, тамакты  даярдоо, окуучуларга шашке тамагын берүүдө ашкананын жасалгаланышы, азык-түлүктүн кабыл алынышы, сакталышы, маркировкалоо, тамак бышыруучу блоктун тазалыгы, окуучуларга шашке тамагын берүүдөгү графиктери түзүлгөн. №1,2,3,5,7,8,9,13,14 мектептер ашканага тийиштүү идиш-аяктар, инвентарлар менен камсыз болгон. Ал эми калган мектептер чай ичүүчү идиш-аяктар менен камсыз болгон. Идиш-аяктарды жууп тазалоо үчүн шарт түзүлгөн. Идиш жуучу атайын каражаттар, хлордуу суу, 3 көздүү ванна менен камсыз болушкан.
Бардык мектептердин ашканаларында муздаткычтар коюлган жана башталгыч класстын окуучуларына чай ичүү бокалдары толугу менен жетиштүү. Окуучуларды тамактандыруу үчүн мектептерде бирден, экиден же үчтөн кызматкер иштейт. Булардын баары медициналык кароодон өткөн жана атайын кийимдер менен камсыз болушуп, колдорун жууй турган чайынмалар (умывальниктер) жана суу чорголору мектептерде орнотулган.
Ар бир мектепте окуучулардын тамактануусу боюнча жооптуу адамдар дайындалып, смета, журналдар түзүлүп, эсеп алынып барылат.
Бардык мектептердин ашканаларында, буфеттеринде оңдоп түздөө иштери жүргүзүлгөн (актоо, сырдоо иштери), ошондой эле тамак ичүүчү бөлмөлөр эстетикалык жактан жаңыртылган. №13 мектептин тамак ичүүчү залында жана ашкананын ичинде эстетикалык сулуулук жана абанын тазаланып туруусу үчүн идиштерге отургузулган түркүн гүлдөр коюлган. №1, 3, 9, 14 мектептерде да санитардык-гигиеналык эрежелер тиешелүү деңгээлде сакталган.
Жалал-Абад шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан бардык мектептер текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык мэрияга билдирүү берилип турат. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана мектептердин директорлоруна санитардык көрсөтмөлөр берилген. Ошондой эле, мектептердин ашканаларынан даяр тамактардан 10 үлгү лабораториялык изилдөөгө алынып, алынган үлгүлөр таза чыккан.

Мектептердеги ашканаларда шашке тамакты уюштурууда жогоруда сөз болгон алгылыктуу жумуштар менен эле бирге кемчиликтер бар,  10 орто мектепте суу түтүкчөлөр орнотулса, калган 10 мектеп сууну сырттан алат. Канализация №7,13,14 орто мектептерде гана иштейт. Бул маселени чечүүдө мектеп директорлорунан каражат тартуудагы жигердүү аракеттери талап кылынат. 
7 мектептин ашканасында колдо жасалган электр плиткасынан башка тамак бышыруу үчүн атайын технологиялык жабдыктар жок.
Т. Тайгараев атындагы аймактык башкаруусунда жайгашкан №18 “Манас – 1000” орто мектептин ашканасынын алды бетондолгон, тактайдан жасалган эмес. Чатырынан суу өтүп, ным тартып  кеткен. Чай ичүүчү бакалдар да таза жуулган эмес.
Ушул эле аймактык башкаруудагы №10 мектептин ашканасында бардык санитардык эрежелер сакталганы менен чатырынан тамчы тамып, дубалы көгөрүп калган. Мектептин директору ашкананын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сметасын түзүп, каржы тартуу боюнча жасаган аракеттерине карабастан бул маселе чечилбей жаткандыгын ” - белгиледи.

Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж. Бакиев орто мектебинде шашке тамак менен тамактануучу балдардын саны 753. Аталган мектептин ашканасынын аш тизмеги айына бир жолу  алмашып турат. Күнүнө бир балага шашке тамагын ичүү үчүн 7,5 сом акча каражаты жумшалат деп белгилейт Махабат Абидинова мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары. Бир күн булочка берилсе, экинчи күнү кекс, үчүнчү күнү прияник берилет.  Башталгыч класстардын мугалимдери тамак берилүү убагында окуучуларды катары менен тизип, тамактануучу жайга алып барышат.
Манзура Реджабаева аталган мектептин ашканасында 10 жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында:”окуучуларга күндө берилүүчү тамактарынын тизмеси күндөгүсү күндө тизмеленет, аны мектеп директору текшерип турат. Окуучулар  тамак берилүү учурун чыдамсыздык менен күтүшөт. Бирок окуучуларга ысык тамак берилсе жакшы болмок”-дейт М. Реджабалиева.
Ал эми,  шаарындагы №4 гимназия мектебинде жалпысынан  387 бала 1-4-класстын окуучулары бар, андан  370тен ашуун бала шашке тамак менен тамактанышып турушат.  Алар 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары 1-сменада 203 бала болсо 2-сменада 176 бала болуп, ар бир класста 22 ден баштап 30га чейин окуучу болот.  Окуучулар шашке тамак менен тамактануу үчүн катары менен ар  тыныгууга  чыгуу болгондо классы менен кирип, 9:30дан 11:55ке чейин катары  менен тамактанышат. Балдардын тамактануусу үчүн тамак жадыбалы билим берүү башкармалыгы тарабынан бир айга ылайыкташтырылып түзүлүп берилет.
Бул тууралу башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Майрам Байкишева маалымдады: “Балдарга берилип жаткан шашке тамактарыбыздын жадыбалы билим берүү тарабынан түзүлүп берилет жана текшерилип турат. Балдарга негизинен булочка,  коржик , кекс жана пирожки күндө катары менен берилет. Айрым балдар бар алар жебей жанындагыларга берип коюшат. Ар бир балага күнүнө 5 сомдон 7 сомго чейин акча каражатына  шашке тамагы даярдалат. Мындан 5 жыл мурун каша берилчү эле, кийин сүт азыктарынын  айныганын уккандан кийин сүттөн жасалган нерселер алынбай калган”-дейт ал.
Шерматова Мархоба №4-гимназия мектебинде 6 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келүүдө. Анын айтымында: “Окуучуларга шашке тамак берүү үчүн алгачкы жолу чыкканда 1 жыл балдарга каша жана масло бериле баштаган  кийин 3 түрдүү курук азыктар бериле баштады. Ал эми быйыл 5 түрдүү пряник, кекс, булучка жана башкалар берилүүдө.  Окуучулар берилип жаткан шашке тамактарды дайыма калтырбай жактырып жешет”-дейт.
 Роза Сыдыкова, 1-а классынын класс жетекчиси: “Класста 23 окуучум бар алар шашке тамактар абдан жагат. Дайыма качан чайга чыгабыз деп күтүп олтурушат бир күн сахар чай менен ичишсе бир күн курук сүт аралаштырып чай ичишет. Окуучуларга берилип жаткан шашке тамактарга ата-энелер да ыраазы болуп келишүүдө”-деген ойун кошумчалады ал.
1-класстын окуучусу Алина Абдыкадырова  айтымында: “Бизге берилип жаткан чай абдан жагат күндө ар кыл нерсе жейбиз мага көбүрөөк кекс жагат канча болсо да жей бермекмин”-дейт.
Ушул эле класстын окуучусу Бектур Бабыржанов: “Мага да көбүрөөк кекс жагат анан да ар нерселерди жегим келет. Мектебибиздеги эжекелерибиз жакшы мага окуган жагат,  анткени келип сабак өтөбүз оюн ойнойбуз жана чай ичебиз ошондуктан мага мектептпе окуган жагат”-дейт. 
Жогоруда белгиленгендерди эске алып, карап турсаң бардыгы орду ордунда болуп жаткандай туюулат. Бирок, “эгер бала ыйлабаса, эмчек кайда” деп айтылгандай, балдардын татыктуу тамактануусу үчүн ким ыйлап, ким өкмөт аке-е, балдардын азыгын жакшыртканга акча кошуп бериңизчи деп ким сурайт?..  2005-жылдагы 1 литр сүт 15 сомдон 20 сомго чейин болсо, учурда 40 сомду чапчып турат. Ошол эле нан азыктары өткөн баа менен учурдагы бааны салыштырып болбойт.Ал кездеги 5 сомдук навай наны азыр 15 сомдон кем эмес дегендей, деги арзан эч нерсе жок. Ал эми, жеткинчек балдар Кытай шириндиктери менен кургак сүт ичип “куунап” жатышкандары кандай? Гезитибиздин өткөн сандарында белгиленген  балдардын оозун  куу чөп менен аарчыган, “Нак сүт” фермасы жалаң гана элдин эсебинен чогулган бюджеттин акчасын майкандаганы менен майнап чыкпай келет. Балдарга экологиялык сүт азыгы болсо болоор, болбосо калаар болуп турган чакта кургак сүткө нан малып жегенине окуучулар сүйүнүп жатышат деп кол куушуруп олтуруунун өзүнө баа берүү кыйын. Балдардын шашке тамагы боюнча маалыматтын үстүндө иштеп жатып ММК беттеринен интернет сайттарынан Нарын областынын кээ бир мектептериндеги мектеп директорлору тарабынан демилгеленип балдарга  жумасына эки же үч жолу ысык тамак берилгени тууралуу кабардар болдук, ушундай тажрыйбаларды колго алуу жана балдардын азыгына каражат көбөйтүү маселелерин тиешелүү тармак колго алабы же кол куушуруп олтура беребизби?Сүт ичебиз бирок сүзгөндөн кийин деп мектеп окуучуларынын илгери үмүттөрү узулө элек. Антсе да,  жакшы сунуш болсо, балдардын ар тараптуу өсүп жетилишине жана ден соолукта болушуна дайыма кам көрүү улуу муундун түздөн-түз милдети жана атуулдук парзы деп билели.


Мейманбү Акжолова

Комментариев нет:

Отправить комментарий