воскресенье, 23 марта 2014 г.

Жалал-Абад шаарынын бюджетинин 2014-жылга кирешелер бөлүгү 331,7 млн сомду түзөт

Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 331 766,4 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 52 млн 730,9 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, 2014-жылга шаардын бюджетинде бир топ активдер каралган. Алардын негизгилери: имарат сатып алуу үчүн 3 млн 650 миң сом, шаарга көп кабаттуу үй курууга жана документтерди даярдоого 1591,5 миң сом, Түркиядан келген нан чыгаруучу цехтин имараты үчүн 4 млн 800 миң сом, №16 балдар бакчасын сатып алууга 2 млн сом, автоунаа сатып алууга 280 миң сом кетет.
«Ошондой эле, шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин кошумча курулуп жаткан имаратынын 1-этабынын айырмасына 348,2 миң сом, экинчи кабатына 2 млн 210,8 миң сом керек болот», - деди А.Раматиллаев.

Шаардык мэриянын мамлекеттик тил комиссиясы, шаардык маданият үйү, аксакалдар соттору, шаардык гезит бюджеттен тиешелүү суммада каражат бөлүнбөй калганына нааразычылыктарын билдиришти. Ага жооп кылып А.Раматиллаев мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин депутаттары бир гана муниципалдык кызматтарга гана акча бөлүп берүүгө укугу бар экендигин кошумчалады.

Акбермат Садыкова "Аймак"

Комментариев нет:

Отправить комментарий