воскресенье, 23 марта 2014 г.

Жалал-Абад шаарынын бийлиги жана анын "бизнеси"

Акыркы учурда Жалал-Абад шаарынын мэриясы эсил кайран СССРдин тушундагы социалисттик идеялардан арыла албай өзүнүн милдет-укуктарын кеңейтип бүгүнкү күндө иштеп жаткан ишкерлерге атаандаштыкты түзүүгө аракет кылып келет. 

Буга чейинки мэр болуп иштегендерден М.Женбеков, багы колхоз-совзозду элестеткен асыл тукум уйларды сатып алып азыркы “Нак сүт” фермасын түздү эле, ал уйлар чөп жебей эле акча жейт экен азыркыга чейин бюджеттин каражатын уйдай эле саап келе жатат. Ошол 3 жылдан бери бир тыйын пайда бербеген “Нак сүт” заводу буга чейин канчалаган каражатты жок кылганы, жарымынан көбү таарынып туубай койгону аз келгенсип жергиликтүү казынадан быйыл да 597 миң сомго жакын каражат сурап жатат. Ошол акчага бала бакчаларга канча литр сүт сатып берсе болот, эсептеп көргүлө. Мэр Арапбаев бала бакчаларга курут, май берем деп айтып лакапка айланды. Андан кийинки мэр Бакыт Адылов Жалал-Абад шаарында менчик асфальт заводу болсо дагы муниципалдык дагы бир асфальт завод сатып алып ызы-чуу болду эле азыркы мэр М.Арапбаев ынап, депутаттар колдоп дагы 18 млн 664 миң сомду сурап жаткан чагы. . Анда иштеген 31 адамдын эмгек акысы эле 3 339,6 миң сом талап кылып жатат. Ал эми ошол эле акчага сатып алганда деле канча жол асфальтталат эле.
Ошондой эле Бакыт Адыловдун жаштар үчүн деген долбоор менен 2 млн сом бөлдү эле, азыр анын баш аягы жок. Бир гана нан азыктарын чыгарган бир чакан ишкана ачылып 5-6 жигит бизнесин кылып жатпаса, мамлекетке жарытылуу деле пайда жок. Алар мамлекеттик ишкана болгондуктан кийин жок дегенде бала бакча, мектептерди арзан продукциялары менен камсыз кылса болмок. Ал эми тигүү цехин ачабыз деп сатып алган машиналарды араң таап майыптар коомуна берип кутулду. Жалпысынан мэрия мындан 2 млн зыян тартты. Текшерген көзөмөлдөгөн киши жок. Анткени Өкмөттүкү да. Эгер менчик болгондо көрөт элем.

Эми ушулардан сабак ала тургандай болуп деле калды десе деле болбой Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев эч кимге билгизбей бир жума Түркияга барып келди эле, анан нан бышыруучу цех алып келиптир деп угуп калганбыз. Эми ал маалымат ачык талууда. Анткени мэрияга караган муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу ошол цехти курууга 4 млн 800 миң сом бөлүнмөк болуп жатат. Ошентип 5 млн сомго жакын каражатка мэрия нан бышыруучу цех куруп навайканачылыкты талашып жатат. Бул нан бышыруучу цех эмне алтын нан бышырабы же ... Андан көрө 5 млн сомго жакын каражатка базардан оптом нан алып берсе деле болмок. Эми мэр М.Арапбаев Жалал-Абад шаарындагы навайканачы алардын убалына калат го! Андан көрө жок дегенде менчик ишканаларды үгүттөп кичи сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачтырса алда канча пайдалуу болмок. Анткени шаарда андай ишкана жок болуп жатпайбы?

Анан дагы 2007-жылы жерин менчикке сатып пайда көрүү үчүн ошол учурдагы мэр Д.Мамасалиев жоюп жиберген “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” департаментин кайрадан түзүп 3 млн сомдон ашык каражат бөлдү. Анан алар бир арча көчөтүн Ысык-Көлдөн алып келдик, 7,5 сомдон деп кыйраткансып жарнама кылып мэриянын тушуна эгип жатканын телевизордон көрүп, интернеттен окудук. Ал эми көчөт өстүргөндөр 100-150 сомдон арча көчөттөрүн деле эксе боло турганын айтып жатышат. Же сөзсүз эле элдин акчасын ысырап кылыш керекпи.

Өткөн жылы ызы-чууга айланып жаза беришип, текшерте беришип бүтпөй калган борбордук аянтка 3 млн 900 миң сом 2014-жылы дагы каралыптыр. Анда тендер деген ким үчүн, эмне үчүн? Деген суроо туулат.

Айтор азыркы мэр жана үч партиянын депутаттары шаардагы ишкерлерге шарт түзүп, өнүктүрүп анан алардын салыгын жумшагандын ордуна мэрия мамлекеттин атын сатып, бетине кармап бир жагынан базарды, экинчи жагынан авто унааларды талашып ит-мышык болуп жатат. Ал эми базарды көзөмөлдөгөндөр, иштеткендер ал жактагы пайдасынан сырткары казынадан 12 адамга 1мл 600 миң сомдон (соцфондго 236,7миң сом) каражат алышмак болуп жатышат. Мындан сырткары муниципалдык менчикти башкаруу департаментиндеги 65 адамдын эмгек акысына 6 млн сомго жакын каражат каралды. Ал эми ошол эле мезгилде парктар куурап, ичи базар болуп ижарага берилип жатат. Анан алар имаратынын экинчи кабатын курулушуна 2 млн. 211 миң сомго жакын бүлдүрттү.
Шаардагы туруктуу эле иштеп жаткан Спецавтобазанын жана “Тазалык” ишканасынын жетекчилерин алмаштырды эле аркасына кетип эми Спец автобазага өткөн жылдагы карызы үчүн эле 1млн 700 миң , “Тазалык” ишканасы үчүн бюджеттен 5 млн сом каражат сурап жатат. Автобустун, таштандылардын акчалар кайда эмне үчүн аз? деп сураган киши жок. Эл арасында да кызмат акынын төлөө боюнча түшүндүрүү иштери аз. Иши кылып бюджетти майкандаш керек. Анан дагы
Ушинтип, шаардын бюджетин оңго-солго чача берсе, кантип шаар өнүгөт? Бюджеттин 3төн бир бөлүгү эле ысырап болуп жатпайбы? Ал эми, энергияга, жылуулукка, сууга деп канчалаган акчалар ашыкча чыгымдалып жатат. Же элдин баарын алдап майкандай берсек болот деп жатышабы?


Орозалы Карасартов, "Аймак"

Комментариев нет:

Отправить комментарий