воскресенье, 23 марта 2014 г.

Жалал-Абадда бюджетти кабыл алууга “Ата Журт” партиясынын фракциясы каршы болуп сессиядан чыгып кетти

12-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Ата Журт” фракциясынын депутаттары жана шаардык кеңештин төрагасы шаардын 2014-жылдагы бюджетинин долбоору менен макул эместиктерин билдирип, отурумдан чыгып кетишкен. 
Бул кадамдын себебин “Ата Журт” фракциясынын лидери, бюджет комитетинин төрагасынын орун басары Сайдулла Чымбердиев долбоор чийки болуп жеткиликтүү талкууланган эмес, ошондуктан көптөгөн суроолор жаралып жатат, бирок КСДП менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаттары бюджетке кайдыгер мамиле кылышып, жеке кызыкчылыктарын киргизүүгө аракет кылышууда-деп билдирди. Ал ошондой эле 2013-жылы эч кандай иш болбосо деле "Мир" кинотеатрынын алдына 1 млн. 800 миң, борбордук аянтка 2 млн. 800 миң, Спецавтобазага 2 млн., төрт жылдан бери бир тыйын пайда бербесе деле Тайгарев айыл аймагындагы “Нак сүт” фермердик чарбасына каражат бөлүп, бекиттиргенге аракет кылып жатат. Бул бюджетти максатсыз пайдалануу -деп билдирди С.Чымбердиев. Натыйжада «Ата Журт» фракциясынын 7 депутаты менен шаардык кеңештин төрагасы отурум болуп жаткан залдан чыгып кеттик, -дейт депутат.
Ал эми залда калган КСДП менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын 20 депутаты маселени талкуулоону улантып, негиз кылып 19 депутат колдоп, бюджетти кабыл алышты.
-Мен деле бюджетти идеалдуу деп айта албаймын,-деди КСДП фракциясынын лидери Т.Акамбаев. Бирок бюджетти кабыл алуу кечигип кетти. Иш токтоп калды. Ошондуктан бюджетти негиз кылып кабыл алууга туура келди. Кемчиликтер болсо сессияларда карап түзөтүү киригизип турабыз.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинде КСДП, «Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынан 31 депутат бар.


Самат Токтоев,”Аймак”

Комментариев нет:

Отправить комментарий