четверг, 20 марта 2014 г.

Уй бар, Сүт жок же Балдар качан нак сүт ичет?

Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу «Нак – сүт” асыл тукум мал чарбасынын бүгүнкү абалы, бул чарбаны түзүп жатканда алдыга койгон максаттарды  актай алдыбы? – деген суроого жооп издедик. Анткени, бул асыл тукум фермасы келечекте 21 бала бакчада тарбияланып жаткан 4 миңден ашуун балдарга жана шаардагы 21 мектептин кенже класстарынын окуучуларынын шашке тамагына экологиялык жактан таза нак сүт жана башка сүт  жана эт азыктары менен камсыздап, өзүн-өзү багып жана көбөйүп жайылтылмак болгон  пландар качан ишке ашып жаш балдар качан нак сүт ичээрин божомолдоого аракеттендик.

Ал үчүн бул чарбанын кыскача тарыхына саресеп салсак: 2011-жылдын 15-июнь айындагы XVIII сессиясынын №11 токтомунун негизинде 3-жылдык мөөнөткө 2014-жылдын 1-июлуна чейин толугу менен кайтарып берүү жагы милдеттендирилип, шаардын бюджетинен 2млн. 600 миң сом пайызсыз бюджеттик ссуда бөлүнүп берилген. Чынында бул акчанын 1 млн. 800 миң сом акча каражатына б.а. ар бир уй 60 миң сомго бааланган Чүй областынан 30 баш асыл тукум кунажындар 2011-жылдын октябрь айында алынып келинип Тайгараев аймактык башкармалыкка караштуу жайда багылып келүүдө. Ошондой эле жайлоо мезгилинде Тоо-Кызыл-Суу тоолуу айылга караштуу Ничке-Сайдагы орус колот жайытында багылууда.Белгилей кетчү нерсе, калган 800 миң сом акча каражаты атайын мал кармоочу ферманы оңдоого, тоют, жем жана кызмат акы маселелерине караштырылганын аймактык башкармалыктын башчысы Тумар Раимбердиев билдирет. Ошол жылы климатка ыңгайлаша албай ар түрдүү оорулардын натыйжасында 4 мал чыгымдалды таризде, айылдык ветеринардын гана катышуусунда Акт түзүп коюшкан жана ага далил катары эч кандай сүрөттөрү тиркелген эмес. Ал эми 2012-жылда 26 баш кунаажындан 18 баш тол алынса, 2013-жыл ичи 9 гана баш төл алышкан. Бирок, алардын баарын эле асыл тукум малдын тобуна кошууга болбойт, кийинки төл алууга алдын ала аракеттер көрүлүп жасалма уруктандыруу жол менен төл алына баштаган деп кошумчалайт Т.Раимбердиев.
Ошондо жалпысынан “Нак сүт” асыл тукум фермасына бюджеттен:
 2011-жылы –  2 млн. 600 миң сом ссуда алынган;
 2012-жылы -   600 миң 900  сом акча каражаты;
 2013-жылы   - 800 миң 900 сом акча  каражаты   жана быйлкы
 2014- жылы  - 596миң 900 сом  акча каражаты каралган.
Жалпысынан  3 млн. 999миң 300  сом акча каражатын түзгөн дейт шаардык финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Хайткулов.

Шаардын чок ортосунан орун алган базардын сүт азыктарын сатуучу жайга келип,Барпы айылынан келип бир топ жылдан бери сүт азыктарын сатып тиричилик өткөргөн Малика Токторбаева айым, күнүнө мен мисалы 10дон 15 литрге чейин нак сүт сатамын, мен сыяктуу 20 чакты сатуучулар ушундай эле олчөмдө нак сүт жана башка сүт азыктарын өткөзүшөт. Сүттүн өтүмдүү мезгили күздөн жайга чейин болот. Кийин мал жандыктар жайлоого чыгып кетишкенде май, сүзмө, толто(чөбөгө) сатып калабыз дейт. Шаардын тегерегиндеги Чангет, Кыр-Жол, Барпы, Тайгараев айылдарынан мал кармоочулар дүңүнөн нак сүтүн бизге өткөрү кетишет. Биз алардан 30-35-сомдон алып 40 сомго чейин литрлеп сатабыз. Кардарлар жакшы эле, анткени биздин сүттөр күнүнө лобораториялык текшерүүдөн санитардык көзөмөлдөө тарабынан өтүп турат. Ошондуктан сүт азыктары бардык нормага жооп берип экологиялык таза экенинен шаардыктар жакшы алышат. Күнүнө биздин базардан эле 300 литрге жакын нак сүт сатылат. Ал эми, чачкынды соода жүргүзгөн сүт сатуучулар да жок эмес, алар тиешелүү төлөмдөрдү төлөшпөйт жана көзөмөлдөн өтүшпөйт, ар кай жерге жайгашып, тийип качып соода кылышат да жакшы эмес азыктарды сатып кээде бизге да кардарлар тарабынан нааразычылык жаралат. Ошону тиешелүү органдар көзөмөлгө алышса дейбиз деп белгилейт.
Ал эми алынып келинген күндөн баштап карап, багуу иштерин 2 малчы менен биргелешип жүргүзгөн ферма башчысы Абдыбейитов Ашырбектин айтымында: “«Нак сүт»асыл тукум пародадагы мал чарбасы эки жарым жылдан бери өз кулачын жайып баратат.Учурда малдын башынын саны 60тан ашты.Биринчи жасалма уруктандырганыбызда 18 музоо алганбыз.Экинчи жылы мал арасында бир аз оору чыгып 8 баш гана төл алдык.Быйылкы жылы беш уй тууду дагы 15и тууйт деп турабыз.Жасалма уруктандырган бирден бир жакшы жагы малда брюцеллез деген оору болбойт.Ал жукпайт ошол оорудан арылабыз. Анын сүтү да таза  болот өткөн 2013-жылдын июнь июль айларында “Люмизин” деген жасалма уруктандырууну жүргүзгөнбүз.Эн негизгиси оору жукпайт” -дейт.
Жогорудагы маалымат топтомдорунун негизинде бала бакчаларды толук кандуу 9 ай бою сүт менен  камсыз кылуу үчүн болжолдуу түрдө 4000 бала күнүнө 1 стакан нак сүт азыгын пайдаланса, анда күнүнө 800 литр сүт керектелет дейли. Анда 800 литр сүт алууга орто эсеп менен жок дегенде 60 саан уй болушу керек, базардагы дүң баада сатылган сүттүн 1 литри 30сомду түзсө, күнүнө 24 миң сом керектелет, 9 ай ичинде убарасы жок экологиялык таза айылда колдо багылган уйдун сүтү менен камсыздоого 4 млн. 800 миң сом акча каражаты керектелет. Мындай жол менен мал кармаган айыл тургундары сүттөрүн сатып, өз ара бюджеттин акчасы айланып, алар да өздөрүн шаар турмушуна тиешелүү  сезе баштамак. Жогорудагы мал фермага жылына акча каражат үч жылдан бери бөлүнүп келе жатканы менен шаар балдары ушул ферманын малдарынан саалып алынган  бир тамчы нак сүттүн даамын алиге чейин тата элек дейт, мал чарбасы боюнча эксперт катары тааныштырган Сатимбай аке.
Корутунду сөзгө кошумча катары белгилесек, анда асыл тукум “Нак сүт” фермасы ушул темп менен жүрсө 9 ай бою бала бакчаларды сүт менен камсыздоо үчүн 40 -45 кунаажын 4,5 ай, кийинки  4 жарым айга кезектеги  40-45 кунаажындан 20 литрдей сүт алуу мүмкүнчүлүгүнө “Нак сүт” фермасы канча жылда жетет да өзүн да каржылап, жаш балдарга сүт ичирип, качан пайдасына иштей баштайт?. Олку-солку болуп мурунку бийликти-кийинкиси сүйбөй турган мезгилде ал ферманын келечеги кандай болот? Приватизацияны жакшы өздөштүргөн кээ бир “жепутаттардын” бөөдө пайдасына иштеген фермага айланбайбы? – деген бүдөмүк суроолор ачык бойдон калууда.

Мейманбү Акжолова

Комментариев нет:

Отправить комментарий