пятница, 3 января 2014 г.

Шапкесин алмаштырдык, өзүн кантебиз?!

Каныш-Кыя айылындагы Кайың-Суу орто мектебинин чатыры быйыл айыл округдун бюджетинин эсебинен толук алмашылды. Мектептин чатырын алмаштырууга айыл округдун эсебинен жети жүз жыйырма миң сом акча каражаты жумшалган. Бул иш райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчүнө жазылып, өтүп бараткан жылдагы жакшы иштердин катарын “толуктады”.

Урматтуу окурман. “Толуктады” деген сөздүн тырмакчага алынып жазылгандыгын баамдаган чыгаарсыз. Кептин баары кандай деңгээлде толуктагандыгында болуп жатат. Эмесе, түшүндурө кетейин.
Аталган мектептин чатыры алмашылып, чоң маселе чечилгендиги тууралуу айыл округунан билип, ал мектепке бардым. Чындыгында, мектептин чатыры келиштире, мыкты жабылган. Мен антип-минтип, койкое жабылган чатырга суктанып тургуча, мектеп мугалимдери мектептин дубалдарын көрүп коюуга чакырышты. Кызык көрүнүш ушул жерден башталды. Зыңгырата жабылган чатырды көтөрүп турган дубалдар ар кайсы жеринен жарылып, мектептин арт жактагы дубалдары сыртка карай ажырап баратыптыр. –Жыл сайын улам чоңоюп бараткан жаракаларды, утурумдук ремонт учурунда шыбап коебуз. Ошентсе да, дубалдар улам ар кайсы жакка карай жарылып баратат. Минтип, чатырды алмаштырып, бизди да, өздөрүн да алдагыча, мектептин имаратын кайра баштан курууну колго алышса жакшы болмок.-дешет, айыл округуна нааразылыгын жашыра албай мугалимдер.
Мугалимдер нааразы болгондой эле, мектептин дубалдары бир күнү таптакыр ажырап, кулап калчу болсо, келиштире жабылган чатыры эмне оопа бермек. Мындан да кооптуусу, мектеп окуучуларына жана мугалимдерге зыяны тийбейби деген кыжаалат суроо туулбай койбойт. Анан да, мектептин абалын карап туруп, айыл округунун бюджетинен ..... сом келечеги бүдөмүк ишке жумшалгандыгын көрүүгө болот. Айыл округ болобу, башка мекеме болобу айтоор, бюджеттеги каражаттары ушинтип, максатсыз жумшай берсек, элдин да жашоосу оңолбой, мамлекетибиздин да экономикасы көтөрүлбөй, мамлекетибиздин абалы сазга батып тура береби-деген ойго келесиң.

М. Эшназаров

Комментариев нет:

Отправить комментарий