пятница, 31 января 2014 г.

Ала-Тоо конушун аким качан карайт?

Ала-Тоо конушуна биринчи жолу келгенимде, аз-аздан жаңы тамдар салына баштаган эле. Аларга кошулуп, биз дагы алган жер үлүшүбүзгө там салып баштадык. Анда мен 5-класста элем. Жаш бала болсом дагы, курулуш иштерине аралашып жардам кылчумун. Бирок, баары бир жаштык кылып бир маал ойноп кетмейим бар эле. Бөлөм белек кылып берген скейтбордду тээп алып, мелтиреген асфальт жолдо ары-бери зуулдап. 
Ал 1999-жыл… Арадан 15 жыл өттү. Азыр ошол мелтиреген асфальт жолу жок. Жолчулар жолду жамай берип, акыры жамаганга да жери калган жок. Былтыр айдоочулар жолду тозуп, көтөрүлүш кылып атып шагыл төктүрүшкөн. Анткени, машинеңди айдап келе жатсаң, түз жолду эмес, тайызыраак аңды карап калгансың! Өкмөт мүчөлөрү келген сайын жолду оңдомуш этип, жергиликтүү башкарма кыймылдамыш этип калат. Андан кийин кайра эле баягы “картина”… Жолду айтпаганда райондогу, Сибирь жарасынан өлүп, жаныбарлардын көмүлгөн “хвостохранилищесин” беките албай коюшту. Ал, элдер ары-бери өтчү жолдун боюнда! Дагы бир жергиликтүү башкарманын иштебей жаткандыгына мисал болуп, эки жумадан бери кулап жаткан жол белгисин айтса болот. Ал белги, райондогу так эле медпункттун алдында турчу, сүзүп кетишкенби, айтор, кулап жатат. Жогоруда келтирилген кичинекей мисалдын бардыгы, Ленин райондук акими, Ала-Тоо конушуна басып да келбегендигин айкындайт. Жергиликтүү бюджетти кайда кетирип жатышат? Бул суроого эмки саныбызда жооп издеп көрөлү…
Бектур Баймоңолов

Комментариев нет:

Отправить комментарий