суббота, 25 января 2014 г.

Жалал-Абад шаарынын экономикасы жергиликтүү бюджетке кандай таасир берип жатат.

Жалал-Абад шаары 2013-2017-жылдарга шаардын орто мөөнөттөгү социалдык –экономикалык өнүгүү программасын кабыл алып, аткарууну максат кылып аны аткаруу багытында иштеп жатат. Учурда коомчулукта эки түрдүү пикир үстөмдүк кылууда. Мэриянын пикири боюнча “жакшы” иштеп жатат деп эсептейт жана төмөндөгү аргументтерди келтирүүдө.

2013-жылы шаарда жайгашкан “Келечек”, “Нур”, “Борбордогу ташты кайра иштетүүчү заводу”, “АИГ-СМ” , “Сладости Багери”, “Назик ИРИ”, “Ширин” жана башка ишканалар бараандуу салым кошту. “Кыргыз көзү азиз жана дүлөйлөр”, “Курулуш тетиктер комбинаты” жана бир катар мамлекеттик ишканалар шаардын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алышты. Мындан сырткары шаарда пайдаланылбай жаткан жаратылыштын табигый ресурстарын аныктап ички инвестициялардын эсебинен жаңы 4 ишкана ишке кирди. Алар-“Келечек” ААКы тарабынан 500 миң сомдук каражатка пластик жана целлефан чыгындыларынан пластмасс суу түтүктөрүн жасаоо боюнча цех ишке киргизилип 10 жаңы иш оруну түзүлдү. Шаар мэриясы тарабынан 13,3 млн сомго муниципалдык асфальт заводу курулуп иштеп баштады. Бул ишканада 37 жумуш орундары түзүлдү. “СКАЙ” ишканасынын жетекчилери 8,3 млн. сомго ташты майдалоочу заводду иштетип 17 жумуш орду түзүлдү. Ошондой эле “Саймалуу Таш” ишканасы ички инвестициянын эсебинен 5,9 млн. сомдук ташты кайра иштетүү өндүрүшү ишке киргизилип мында да 10 жаңы иш орундары түзүлдү.
Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикасын өнүктүрүүгө багытталган тармактардын иши өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, шаардын тазалыгын сактоо кызматын аткарган “санитардык тазалыкты сактоочу муниципалдык атайын автобазасы” жыл ичинде кызмат көрсөткөндүгү үчүн 11 млн. 358 миң сом каражатын жыйнаган. Ал 2012-жылга салыштырмалуу 2 млн.201 миң сомго көп. Абоненттердин санын да мурдагы жылга салыштырмалуу 12 минге көбөйткөн. 184 миң сомго 70 контейнер жасаткан.
Ошондой эле чарбалык эсептеги Жалал-Абад шаарынын кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Айтмамат Осмонов 7 млн. 90 миң сомдук иш аткарып, таза пайда 265 миң сомду түзгөнүн маалымдады.
Шаардын калкын таза суу ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында “Жалал-Абад суу канал” башкармалыгы жыл ичинде сатылган жана саркынды сууларды тазалоонун жана башка кирешелердин эсебинен 41 млн. сом 698 сом киреше таап чыгаша 40 млн. 623 миң сомду түзүп, ишкана 1 млн. 77 миң сом пайда менен жыйынтыктаган.
Мэрияга караштуу керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти 2013-жылда 4 млн. 654 миң сом акча каражатын топтоп, муниципалдык базардын кызматкерлери үчүн 2 кабаттуу имарат куруп ишке киргизген. Шаардагы борбордук базардын сатуучулары жана алармандарга ыңгайлуу шарттар түзүү максатында ашар ыкмасында 1 млн. 112 миң сомдук жумуштар аткарылган.
Ал эми шаардык мэрия 2013-жылдардын бюджетин шаардын социалдык –экономикалык абалын жакшыртуу максатында төмөнкү багыттарга жумшаганын 1-вице-мэр Т.Чойбеков айтып берди:
Өткөн жылы Жалал-Абад шаарына жалпы көлөмү 1 млрд. 538 млн. 653,6 сомду түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 166,6 пайызды түздү. Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Таирбек Чойбековдун айтымында өзгөчө ички инвестицияларды тартууда ийгиликтерге жетише алган. Натыйжада ички инвестиция каражаты 1 млрд. 469,5 млн сом тартылып өсүү темпи 174,2 % пайызды түздү. Ошол инвестиция тартуунун эсебинен Жалал-Абад шаар аймагына 329 жаңы ишканалар ачылды, анын ичинен 263 жеке ишкерлер жана 66 юридикалык ишкана ишин жүргүзүп жатат.
Шаардын экономикалык өнүгүшүнө ишканалардын жакшы иштеши менен бирге салык жыйымдарынын жыйналышы өбөлгө болот. Жалал-Абаддагы мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы 2013-жылга 595 млн.165 миң сом жыйнады. Анын ичинен республикалык бюджетке 353 млн. 452 миң сом, жергиликтүү бюджетке 241 млн. 711 миң сом же ташырмадан ашык 4 млн. 576 миң сом жыйналып, алдыга план тапшырмалар ашыгы менен аткарылган. Тактап айтканда жергиликтүү бюджетке 2012-жылга караганда 38 млн. 846 сомду түздү.
Шаардык мэрия 2013 –жылга шаарга киреше бөлүгүнө 300 млн. 485 миң сом пландаштырган эле. Бирок аткарылышы 298 млн. 595 миң сомду түзүп калды. Буга да шаардык кеңеш тарабынан жыл башында бекитилген планга салыштырмалуу 114 млн. 81 миң сом кошумча тапшырма берип, ал да аткарылган. Ошондой эле атайын төлөм каражаттары 44 млн. 175 миң сомго аткарылган.
Шаардык кеңештин депутаттары бюджеттен карап берген каражатка ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Шаардын тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында Комуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан шаар көчөлөрүн жамап, жасоо, жаракаларга чакыч куюу, көчөлөрдү кеңейтүү,жаңы жолдордун тротуарларын куруу боюнча иштер болуп жатат жана мындан ары да улана берет. Мурунку жылдары арыктар тазаланбай шаардын борборун суу басып жатчу эле, мэрия Сел-Арык, Хан-Арык, Чоко-Арык каналдарын тазалап, суу өтүүчү темир бетон латокторун өткөрүп, үстү жабылууда. Жалпысынан бул тармакка 11 млн. 817 миң сом жумшалды. Шаардын көчөлөрүндөгү жарака, чуңкурчалар жамалып, асфальтталды. Шаардын бир канча кыска көчөлөрү асфальтталды. Мындан сырткары депутаттын наказдарын аткарууга 1 млн. 954 миң сом, мэриянын жана шаардык кеңештин буйруктарынын негизинде эски жана жаңы светофорлорду 5 млн.194 сомдук жумуштар аткарылды. Шаардагы жылуулук берүүчү ишканага туташтырылган үйлөр, мекемелер бар. Мына ошо жылуулук энергиясын үнөмдөө максатында түтүктөрдү ороп жылуулоо, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө шаардагы Токтогул көчөсүнүн №8 көп кабаттуу үйү, №12 үйүнүн батири, Бабкин чолок көчөсүнөн 2 жер үй, Манас проспектисинен №65 үйүнүн 16 батири жана шаардык каржылоо бөлүмү толугу менен жылуулук системасына туташтырылды. Ошондой эле №33 “Бермет” мектепке чейинки билим берүү мекемесин да жылуулук түйүнүнө кошуу иштери аяктап калды.,-деди Т.Чойбеков.
Т.Чойбековдун айтымында 2013-жылда маданият бөлүмүнө жылдык смета боюнча 1 млн. 210 сом каралып,толук иштетилген. Шаардык коммуналдык чарба жана департаментине 70 млн. сом каражат каралып көптөгөн жумуш аткарылган. “Курманбек” кичи районундагы бала бакчанын бүткөрүлүшүнө 10 млн. сом каражат бөлүнгөн. Шаардык билим берүү башкармалыгына 40 млн. сом каражат каралып иштетилген.
Мэриянын маалыматы боюнча бюджеттин аткарылышы жана башка маселелер боюнча шаар тургундары менен калаа башчысынын 20 жолугушуусу өткөрүлгөн. Жолугушууларда 127 маселе каралып 2 миң 187 жашоочу катышкан. Ошо учурда көтөрүлгөн маселелердин 63 маселе чечилип калгандары аткаруу үчүн көзөмөлгө алынган.
Бирок шаардын бюджетин эффективдүү сарптоодо талаш пикирлер да бар. Коомчулуктун арасында мэриянын ишмердүүлүгүнө канааттанбагандар көп. Тактап айтканда макаланын башында айткандай экинчи тараптын нааразылыгы көп. Мисалы, «Aymak.kg» сайты окурмандары аркылуу 2013-жылдын ноябрь айынан баштап 2014-жылдын башына чейинки убакытта Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин ишмердигине кандай баа бересиз?- деп сурамжылоо жүргүзгөндө төмөндөгүдөй жыйынтык чыкты.

Жалпысынан сурамжылоого 112 адам катышыптыр. Жыйынтыгында 63,39 пайызы “жаман иштеп жатат” деп баа беришкен.
Шаардыктар социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө демилгелүүлүк, үнөмдүүлүк жетишпей жатат деп эсептешет. Бюджет жөнүндө коомдук угуулар кечишип же формалдуу түрдө өтөт. Жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө, маселелерди чечүүдө коомчулук активдүү катышпайт. Тендерлер жабык, жашыруун өтүп коомчулуктун шегин жаратат. Ошондуктан мэрия коррупциялык элементтерге жол берип жатат деп эсептейт. Шаардын мэри М.Арапбаевдин мэр болуп шайланып келгенде борбордук базарды тазалаймын, көп кабаттуу үй курам деген убадалары аткарылган жок. Буга шаардык кеңешке шайланып келген КСДП, “Ата Журт” жана “Өнүгүү” партиясынын ички интригалары да жолтоо болуп жатканы айтылууда.


Акбермет САДЫКОВА, “Аймак”

Комментариев нет:

Отправить комментарий