воскресенье, 19 января 2014 г.

Өгүзүм өлбө, араба сынба…

Өткөн жылдын акыркы айларында Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү  ташуучу муниципалдык автобазасынын айдоочуларынын арасында орун алган нааразычылыктарын, жада калса убагында айлык маяналарын ала албай жатышкандарын жергиликтүү  телевидениеден чыгып билдиришкен.
Окуяны жеринде текшерүү максатында, шаар мэриясы тарабынан «Муниципалдык автобазанын айдоочуларынын бир күндүк кирешесине байкоо (хронометраж) жүргүзүү жөнүндө 2013-жылдын 13-декабрында №323б, буйругунун негизинде курамы 13 кишиден турган комиссия түзүлүп иш алып барышкан. Бул иш чаранын жыйынтыгы боюнча даярдалган маалыматта, айдоочулардын күнүмдүк белгиленген план-тапшырмаларын толук аткарууга мүмкүнчүлүгү, шарты бар. Бирок, администрация тарабынан денгээлдегидей талаптын жоктугу тастыкталган. Айдоочулардын ишке болгон жоопкерчилиги төмөндөп, күнүмдүк план тапшырмалары аткарылбай, айлык акыга болгон ишкананын карызы ай сайын өсүп жатканы жана күнүмдүк түшкөн акча каражаты кассага толук тапшырылбаганы белгиленген. Комиссия мүчөлөрү тарабынан, айдоочулардын бир күндүк план тапшырмасы 35 741 сомду түзсө, жумуш күндүн жыйынтыгында 33 116 сом болгон, айрымасы 2 625 сом б.а. ишкананын күндүк планы 2 625 сомго аткарылбай калган…

Ал эми, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын элге көрсөткөн кызматы үчүн 2013-жылдын 1-июлунан 1-декабрына чейин ишкананын кассасына  бардыгы болуп 3 882 542 сом акча каражаты түшкөн жана ишкананын чыгымы үчүн 5 274 515 сом каражат сарпталган. Мындан (чыгаша 5 274 515 – киреше 3 882 542) = зыян 1 391 973 сом болоорун билүүгө болот. Атайын көзөмөлдөө комиссиясы тарабынан, автобазанын сентябрь айы үчүн финансы чарбалык ишмердүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү аныкташкан: бир айлык киреше 922 834 сом: 30 күн = 30 761 сом; 12 автобус = 1 автобустун 1 күндук кирешеси 2 563 сомду түзгөн. Чыгашасы болсо, 1 161 434 сом: 30 күн = 30 761 сом: 12 автобус = 1 автобустун 1 күндүк чыгымы 3 226 сомду түзгөн.  Айдоочу бир күндө  (3 226 – 2 563) = 663 сом чыгаша менен чыгаарын аныктоого болот жана 663 сом х 30 күн = 283 680 х 6 ай = 1 432 080 сом чыгаша тартышы мүмкүн экен. Ар кандай ишкана пайда табуу аракети менен ишмердүүлүк  жүргүзөөрүн эстей турган болсок, анда бул мекемеге чыгаша тартуу кызыктуубу? – деген суроо туулбай койбойт. Балким, жеке менчик эмес, муниципалдык мекеме болгондугунан болуп жүрбөсүн?..
Кандай болгон күндө да, текшерүүчүлөр: «эгерде, айдоочуларга туура талап коюлуп жоопкерчилигин жогорулатса, анда ар бир күн үчүн коюлган план тапшырмаларды аткарууга толук негиз бар», - деп белгилешкен. Ошондой эле, автобазанын учурдагы калыптанып калган абалы эртенки күндүн кызыкчылыгы үчүн перспективалык план иш араккеттери жоктугу да жүйөөлү себеп деп табышкан. Өз кезегинде шаар ичиндеги жол кире акысы 6 сомду гана түзүп, автотетиктердин кымбаттыгы менен шаар ичиндеги кээ бир жолдордун начардыгы, жылдан жылга автобустардын эскирип баратканын  жана күйүүчү майдын да тынымсыз жогрулашын  айтып безеленген, айдоочулардын арманын да көңүлгө алуу абзел.
Түзүлгөн жагдайдан чыгуу жолдорун ийри олтуруп, түз кеңешип оптималдуу чечим менен жыйынтыкка келбесе, «өгүзүм өлбө, араба сынба» деген аянычтуу абалда канчага чейин чыдоого болоору белгисиз..

Мейманбү  Акжоловf

Комментариев нет:

Отправить комментарий